Интернет байланышын Орусия, Кытай өлкөсүнөн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргыз интернет-провайдерлеринин көпчүлүгүнө 1-августта казак өнөктөштөрүнөн интернет тарифинин 1,6дан 3 эсеге чейин жогорулашы тууралуу билдирүүлөр келгени белгилүү. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстандан баанын жогорулашы тууралуу түшүндүрмө бере элек. Мындан улам өлкөбүздөгү ири интернет-провайдерлердин айрымдары тарифтерин өзгөртө башташканы маалым. Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети бул маселеге байланыштуу Евразиялык экономикалык комиссиянын тиешелүү органдарына кайрылганы менен, жыйынтык чыккан жок.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-сентябрда интернеттин кымбатташы тууралуу маселе боюнча жыйын өткөрүп, маселе саясатка айланып кеткенде чечкиндүү иш алып барып, өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөрдү издөө керектигин айткан.

Интернет байланышын Орусия, Кытай өлкөсүнөн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына "Кыргызтелеком" ишканасынын сатуу бөлүмүнүн жетектөөчү менеджери Калыйкан Исмаилова билдирди.

"Учурда интернет байланышын Орусия, Кытай өлкөсүнөн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгерде сүйлөшүүлөр оң чечилсе, тартылган интернет байланышы алгач тестирлөөдөн өтөт. Мында интернеттин ылдамдыгы, сатып алган баасы бизди канааттандырса сатып алууга киришебиз", - деп билдирди Исмаилова.

Интернет байланышын жана жабдууларын Казакстандан башка өлкөдөн сатып алуу тууралуу маселе Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Монополияга каршы комитетинин отурумунда талкууга алынган.

"Учурда сүйлөшүүлөр ийгиликтүү чечилсе, Казакстандан алып жаткан интернетке караганда бир топ ылдамдуу жана сапаттуу интернетти колдонуп калабыз", - деп кошумчалады Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asan-aka
2016-09-15 17:38:32
жакшы болмок
+1
Rifle_S
2016-09-15 20:19:14
Кошуналар жаман кыйнашты го. Башкы себеби биздин 120 жепжутаттын кыргыз элине жоопкерчиликсиз иш алып баргандыгы.
+6
Alixan-Nookat.2015
2016-09-15 17:42:51
Ошондой эле болсунчу он жагына чечилип
+2
arman00
2016-09-15 21:08:52
озубуздон чыкпайбы интернет)))
-4
Shef87
2016-09-15 22:15:16
arman00,озубуздо кени ачыла элек
+3
Sharos3
2016-09-15 23:21:49
arman00,
Менде 10 килограмм мегабайт бар берейинби сага
-2
diaz
2016-09-16 10:01:22
жакщы болмок ылдам болсо биз айылда турабыз айылда вопше еле тормоз болуп калдыго интернет видео коруш деген естен чыгып кетиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан