Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай-2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби тууралуу убактылуу жобого ипотекалык насыя алуу процедурасын жөнөкөйлөштүргөн өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
"Аталган токтом аркылуу алуучулар тизмесин уюштуруунун бир гана булагы аныкталган, арыз берүүчү тийиштүү документтерди жашаган жери боюнча тапшырат. Программанын катышуучулары тийиштүү анкетаны толтуруп, документтерди (паспорт, нике тууралуу күбөлүк жана балдардын күбөлүгүнүн, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, турак жайга ээ болбогондугу жана акыркы 3 жылда турак жай бүтүмүн жүргүзбөгөндүгү тууралуу маалымдама) топтойт. Талап кылынган документердин санынын кыскартылышы насыя алууда документерди чогултууда программа катышуучуларынын абалын бир кыйла жеңилдетет", - деп айтылат маалыматта.
"Зайымчылар 15 жылдык мөөнөткө кепилдик берүүчү адамды табууда бир топ түйшүккө кептелип, программаны жүзөгө ашырууда кедерги болуп калууда. Буга байланыштуу аталган талап алынып салынды. Буга катар кошумча күрөө коюлган учурда катышуучу насыяны алгачкы төлөмсүз ала алат", - деп кошумчаланган.
Ошондой эле программа катышуучуларын кеңири камтуу максатында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 3,3 миллиард сом көлөмүндөгү бюджеттик ссуда берүүнү караган чечим кабыл алынган. Аталган сумма, орточо алганда, 3 миңден ашуун жаранга ипотекалык насыя алууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетүүчү нерсе, акционердик коомго берилүүчү бюджеттик ссуданын жылдык пайыздык үстөгү 5 пайыздан 3 пайызга дейре төмөндөтүлөт. Өкмөт аркылуу калктын катмарын программага көбүрөөк камтуу, ипотекалык насыяны алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү жана турак жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында “Арзан турак жай-2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыялоонун мүмкүндүгүн кеңейтүү үчүн зарыл чаралар кабыл алынганы маалым болду.
Учурда ипотекалык насыя алуучулар үчүн жылдык пайыздык үстөктү 12-14 пайыздан 10 пайзыга дейре төмөндөтүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн буйрук долбоору министрлик жана ведомстволордо макулдашуу процедурасынан өтүүдө.