Кылымдын шаары аталган Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаары буга чейин балыкчылардын кыштагы болгону айтылып келет. Учурда Жер бетиндеги эң кооз шаарлардын сап башында турат.
Маалыматка ылайык, балыкчылар кыштагы 30 жыл аралыгында таанылгыс болуп өзгөргөн. Шаардын кооздугун арттырууда аталган аймактын мунайы чоң пайда келтирген. 1969-жылдан баштап мунайдан киреше түшө баштаган.
1910-жылы Дубай шаарынын калкы 10 миң адам болгон. 1968-1975-жылдар аралыгында калкынын саны 4 эсеге көбөйгөн. Акыркы маалыматтарга караганда, учурда Дубайда 2,2 миллион калк жашайт. Шаардын узундугу 134 чакырым жерди ээлесе, туурасы 35 чакырымга жетет.
Дубай дүйнөдөгү эң ысык шаарлардын катарына кирет. Аталган аймакта орточо жылуулуктун көрсөткүчү +35,1 градуска жетет. Айрым учурларда жылуулуктун көрсөткүчү +50 градуска жетет. Ал эми кышында +19 градусту көрсөтөт.