Кыргыз Республикасына бүгүн, 15-сентябрь күнү кечинде Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, "Манас" Эл аралык аэропортунан аны өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
А.Лукашенко бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекет башчыларынын юбилейлик жыйынына катышуу үчүн келген. Андан тышкары саммитке Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышары күтүлүүдө.