Москва шаарында өрттөн каза болгон кыздарга эстелик катары Бишкек шаарында жаш көчөттөр отургузулуп, аллея уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин демилгелүү топ социалдык түйүндөр аркылуу коомчулукка кайрылуу жасап келген. Мындай сунуш менен уюштуруучулар калаа башчысына 500дөн ашуун адамдын колу коюлган кайрылуу менен киришкен. Шаар мэри Албек Ибраимов жашоочулардын сунушун колдоого алган.
Демилгелүү топтун сунушу менен Бишкек шаарынын Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишине аллея куруу сунушу ишке ашырылат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-август күнү Москва шаарында басмаканалардын биринде иштеген 14 кыргыз кыз-келин тилсиз жоодон улам каза болгон.