Борбор калаадагы сейил бактарда 17-сентябрда "Күзгү Бишкек" иш-чарасы орун алат. Ага чыгармачыл топтор, Маданият үйлөрүнүн жана китепканалардын кызматкерлери катышат.
Мэриядан кабарлашкандай, Ататүрк атындагы сейил багында эртең саат 15:00дө Бишкектин улгайган тургундары үчүн "Күзгү Бишкек" иш-чарасы орун алат. 16:00дө "Диалог" Маданият үйүнүн "Сувенир" улуттук ансамблинин концерти болот. “Асанбай” сейил багында 15:00дө спортчулар ушу спорту боюнча мастер-класс көрсөтүшөт. Ошондой эле “Чөп үстүндөгү йога" иш-чарасына орун берилет. Саат 16:00дө шаардыктар “Кыргыз руху” улуттук ансамблинин концертине күбө боло алышат. Жаш Гвардия бульварында саат 15:00дө китеп көргөзмөсү уюштурулат. Ушундай эле концерттик программа, көргөзмө Панфилов паркында да өткөрүлөт.