"Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунун катышуучулары кыргыз элинин маданияты менен таанышышты

"Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунун катышуучулары кыргыз элинин маданияты менен таанышышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.

Биргелешкен аскердик террорго каршы командалык-штабдык "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият күнү өттү.

"Таң эртеден тарта Кыргыз Республикасынын саясий, коомдук жана спорттук турмушунан алынган кабарларды маалымдаган радио түйүнү иштеп жатты, улуттук чыгармачылык жамааттары менен искусство чеберлери мында обого чыгып турушту. Аскерлердин биргелешкен тобунун аскер кызматчылары кыргыздын чакан көчмөн маданияты, жашоо-турмушу, адат-салттары, искусствосу менен таанышып, эстеликке сүрөткө түшүштү. Кыргыз символикасы чегерилген сувенирлердин жана улуттук кол өнөрчүлүктөгү зер буюмдардын көргөзмө-сатуусу уюштурулуп, алар жандуу кызыгууну жана суроо-талапты жаратты", - деп айтылат маалыматта.

Кечки тамак учурунда ШКУга мүчө мамлекеттердин аскер кызматкерлери кыргыз ашканасынын улуттук тамактарын даамдап көрүшүп, алар өтө жаккандыгын чын дилден билдиришкени маалым болду.

Кыргыз Республикасынын Маданият күнү майрамдык чоң концерт менен аяктап, ага армиянын Борбордук үйүнүн артисттеринен сырткары республиканын Эмгек сиңирген артисттери Замира Мавлянова, Асел Турдалиева, ошондой эле эстрада жылдыздары Nena, Нурлан Мааданбеков, Тилек Найманбаев жана башкалар катышышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан