Ош облусунун Кара-Суу районунун Мамажан айылында мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөктөрүн жеп жаткан чөөлөрдү жок кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллебаев билдирди.
"Чөөлөрдүн пайда болгонуна бир жума болду. Туура, чөөлөр көбөйүп кетти. Бул боюнча Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо кызматына кайрылганбыз. Азыркы убакта атайын мергенчилер тобу түзүлүп, түнкүсүн чөөлөрдү аңдуу иштери жүрүп жатат. Чөөлөр күндүз мүрзөгө жолобойт экен. Түнкүсүн тузак салып, атып алууда кыйынчылык жаралууда", - деп билдирди Тиллебаев.
Буга чейин Мамажан айылында чөөлөр мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөктөрүн жеп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Топтошуп жүргөн чөөлөрдөн таң эрте окуучулар мектепке баруудан кооптонуп жатканы айтылган.
Окуучулар мектепке барууда кооптонуу жаралып жаткандыгы тууралуу маалыматты Жоош айыл аймагынын башчысы четке какты.
"Мамажан айылында 500 кожолук эл жашайт. Эл көп болгондуктан, чөөлөр айылга жолой албайт. Алар күндүз жүрбөйт. Ал эми мүрзө айылдын четинде. Окуучулардын кооптонуп жатканы жөнүндө айтылган маалымат жөндүү эмес, анткени мектеп айылдын ичинде, мүрзө айылдын четинде. Окуучулар мектепке мүрзөнүн жаны менен барышпайт", - деп кошумчалады Тиллебаев.
Ал эми Кара-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Арстанбек Сулайманов: “Биздин адистер Мамажан айылына барып келишти. Эч кандай мал жандыктарына тийген эмес.Чөөлөр оору таркатуучу жаныбар болгондуктан, белгиленген тартипте мал жандыктарын дарылап турабыз. Кооптоно турган коркунуч жок”, - деп билдирди ал.