Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев саммитке катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Назарбаевди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков "Манас" Эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Кошумчалай кетсек, саммитке Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышары белгилүү болгон. Отурумга Молдовадан премьер-министр, Өзбекстандан тышкы иштер министри, Түркмөнстандан биринчи премьер-министр, Украинадан элчи катышмакчы.