Албек Ибраимовдун жубайынын мүлкү мэрдин декларациясында көрсөтүлүшү мүмкүн

Мамлекеттик кызматкерлердин 2015-жылкы декларациясы Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына илине электигин аталган кызматтын басма сөз катчысы Назгүл Бегалиева SUPER.KG порталына билдирди.

"Биздин сайтыбыз жыл башында жаңыланган. Жаңыланган сайтыбызда мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы илине элек. Ал эми сайтыбыздын эски вариантында 2015-жылга чейинки декларация илинген", - деди Бегалиева.

Кызматтын сайтынын эски вариантында жергиликтүү башкаруучулардын 2015-жылкы декларациясы учурда даярдалып жаткандыгына байланыштуу жайгаштырыла элегин кошумчалады катчы.

"2015-жылдын тапшырылган декларациялары учурда даярдалып жатат, анын баарын адистер даярдап чыгышат. Бул көп убакытты алат. Кийинки жумадан баштап 2015-жылдын декларациясы сайтка жайгаштырыла баштайт. Учурда болуп жаткан окуяларга байланыштуу адистерибиз эртелеткенге аракет кылышууда", - дейт Назгүл Бегалиева.

Ал эми Айнура Ибраимованын мүлк тууралуу декларациясы мэрдин жакыны катары Албек Ибраимовдун декларациясында көрсөтүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады басма сөз катчы.

Эскерте кетсек, бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик кадр кызматынын жаңыланган сайтынан 2015-жылдын декларациясы жоголуп кеткенин жарыялаганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
frunze777
2016-09-16 15:24:22
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дейт. Бар турган декларациялар жоголуп кетсе... Мына жыландын башы кылтыя баштады... Шибегени капка катып болбойт... Ал участок Атамбаевге "подарка" болгон деп созду кыскартсанар туура болмок мышык-чычкан ойнобой...
+8
Oylonkyrgyzym
2016-09-16 15:33:48
Текебаев чекеден сүздүго баарын.Алга Текебаев эл жегендерди чекеден жер сүздүрүнүз.
+5
Oylonkyrgyzym
2016-09-16 15:36:22
Эгер Текебаев ушул бойдон кетсе эл жегендердин бетин ачса,шайлоодо бекер кызмат кылып беремин Текебаевге эркекче айттым мен.Мен да сөзүмдө турам Текебаевге окшоп.Алгаа!
+8
Jelmoguz.brat
2016-09-16 15:38:30
Ушу Атамбаев Текебаев мн ойнобой эле койбодуда Эми баарын ачып салат Текебаев
+10
SeN_Sulusun
2016-09-16 15:40:06
ХХХ эркекче кучтуу адам экен антип эч ким прямой эфирден суйло албайт ко ал бетке айтып атат
+8
almaz2880
2016-09-17 23:07:16
Атамбаевдин. кетээр маалы келди окшойт короче поуши влип. Былыктары чыга баштады ушулар тойбой койду ууру тойгончо жеп олгончо карганат дегендей эми актана баштайт ушулар тойбой дагы же жарылып олбойт экен элди кыйнап бутушту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан