SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Атамбаевдин ак сарайы" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Илгери хан, эмир, шах, падыша, султан (баары эле эл башкаруучу ажо же каган да), кимиси болсо да, ак сарай салдырабы же коргон, балким, гаремби, элдин маңдай тери, көз жашы, керек болсо кашык канынан салдыртчу. Заман өзгөрдү, аталыштар, айрым нерселердин формасы өзгөрдү, бирок ошол башкаруунун түпкү маани-маңызы өзгөргөн жок. Атамбаев, демек, бир убакта Бакиевдин менчигине өтүп, кийин улутташтырылган жерге ак сарай салып жатыптыр. Бул канчалык мыйзамдуу? Эгер мыйзамсыз болсо, Атамбаев жооп берчү күн келеби же Акаев, Бакиевге окшоп жер-сууну сатып качып кетип, дагы эле оозубузду ачып кала беребизби? Азыр бир нерсе болсо эле жеке бизнесине шылташат. Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин рейдерлик басып алуусун жылмалап "бизнесине" байланыштырышкан. Атамбаевдин бизнеси тууралуу ким эмне билет? Атамбаевдин ак сарайы мыйзамдуу жерге, өз чөнтөгүнөн курулуп жатканына иштегендер барбы араңарда?"
"Бул ак сарай салынып жаткан жер мэрдин аялына тийиштүү экенин, ажобуз ал тилкени сатып алып үй куруп жатат деп айтып жатышат го. Азыркы биздин өйдөдөгү эшелондун адамдарынын бир эмес, бир канчадан ак сарайлары бар. Атамбаев деле өзүнүн келечегине бир жакшы ак сарай салып алайын деп жатат да. Өзү сатып алган жер тилкеге салып жатыптыр. Муну да саясатташтырып алышканын".
"Ошол айтылып жаткан жер улутташтырууга тийиш болуп, бирок улутташтырылбай "убактылуулардын" колунда калган экен. Ал жер убакыт-сааты чыкканда пайдаланууга берилмек. Кийин ал жер Албек Ибраимовдун аялына сатылды болуп, бир канча убакыттан кийин Атамбаевге сатылды болуп жатат... "Сатты, сатып алынды" деген сөздөр "формальность", ошого да ишенесиңерби?"
"Мен президент болгондо мындан да чоң үй салмакмын. Кийин "каап, чоң эле салып алсам болмок экен" деп өкүнүп калат го".
"Ак сарайбы, көк сарайбы, сала берсин. Дагы да кооз үйлөр салынганы жакшы, бирок суроо сарайда эмес, бурмалабагыла. Суроо ошол сарай турган жер тилкесинде болуп жатат. Улутташтырыла турган жерди (мамлекеттин пайдасына) президент сатып алып жатпайбы, анан да мэрдин аялынан".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.