Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектеп авариялык абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
Маалым болгондой, мектептин тескей тарабынын пайдубалы кыйшайып, 30-40 сантиметрге жылышып кеткенине байланыштуу коопсуздуктун алдын алуу максатында темир арматуралар менен тартуу иштери мугалимдер тарабынан жүргүзүлгөн. Учурда полдору чирип, пайдубалы чөгүп кеткен. "Ушундай абалда калганыбыздан 2014-жылы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын райондук архитектура жаңа шаар куруу башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн адистери тарабынан комиссия түзүлүп, жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп, имаратты капиталдык оңдоого мүмкүн эместиги боюнча корутунду чыгарышкан. Ушул күнгө чейин 2017-жылдын "капиталдык салымдар" беренесине мектептин курулушун киргизип бериңиздер деп барбаган жерибиз калбады. Качан гана мектеп окуучуларыбызды басып калганда, кырсык болгондо жардамга колун сунушабы?" - дейт окурман.
Абалы начар мектеп болсо да, мугалимдер өз күчтөрү менен класстык бөлмөлөрдү заманбап класстык бөлмө сыяктуу кылып жасалгалап алышкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.