Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Маяк айылындагы мектепте 3 окуучу кургак учуктан жабыркайт. "Калган окуучуларга жукса эмне болот?" деп ата-энелер ызы-чуу болушкан. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
"3 окуучунун ооруганы аныкталган, бирок оору башка окуучуларга жуктубу же жуккан жокпу белгисиз. Мектеп администрациясы тарабынан эч кандай аракет көрүлгөн жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.