Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашевдин жубайы көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Аалы Карашевдин жубайы Мэри Карашева узакка созулган оорудан улам Германиядагы ооруканалардын биринде көз жумган. Ал 48 жашта болгон. Маркумдун сөөгү Орто-Сай айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Айта кетсек, Мэри Карашева башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууган эжеси болгон.
Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан Мэри Карашеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына SUPER.KG порталынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.