Президент Алмазбек Атамбаевдин 60 жылдык мааракесине белгилүү ырчы Филипп Киркоров жана орусиялык олигархтар келишти. Белгилүү болгондой, иш-чара 17-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага 200гө жакын адам катышты. Коноктор интернеттеги социалдык тармактардагы жеке баракчаларына жылдыздар менен түшкөн сүрөттөрүн чыгарышууда. Алардын арасында Филипп Киркоров, "A’Studio" тобу, жергиликтүү ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Гүлзада Рыскулова, алып баруучу Нурзат Токтосунова жана башкалар болгон. Мындан тышкары Орусиянын Федералдык бажы кызматынын мурунку башчысы Андрей Бельянинов, олигархтар Муса Бажаев, Aлижан Ибрагимов жана Александр Машкевичтин келгени айтылууда.
Айта кетсек, аталган мамлекеттик резиденцияга 148 870 сомго арак, шарап, коньяк, лимонад, минералдык суулар сатылып алынганы маалым болгон.