Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча соттук кароо 4-октябрга дайындалды. Соттук кароо Чүй облустук сотунда каралмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин Жогорку Сот Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Үстүбүздөгү жылдын 12-июлдагы соттук отурумунда жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган.