Бойго бүтүрбөөчү укол түрүндөгү каражаттардын пайдасы жана зыяны: Жаш энелер жана гинеколог ой бөлүштү

Учурда бойго бүтүрбөөчү бир нече каражаттар бар. Алардын зыяны жана пайдалары тууралуу маалыматтар, албетте, жетиштүү эмес. Инстаграмдагы баракчалардын биринде "Бойго бүтүрбөөчү уколдун кандай терс жактары бар?" деген суроону жаш энелер жана кыздардан турган тайпада кызуу талкууга алышкан. Назарыңыздарга тайпада калтырылган пикирлерди жана гинекологдун кеңешин сунуштайбыз.

Интернеттеги колдонуучу "Мен үч айга бойго бүтүрбөөчү укол алгам. Биринчи айда этек кирим келген. Эми болсо эки айдан бери жок. Укол алганыма өкүнүп жатам. Ким укол алды эле, тажрыйбаңыздардан бөлүшүүңүздөрдү суранам" деген билдирүү калтырган. Бул суроого колдонуучулар төмөнкүдөй жоопторду узатышкан:

Айэлина аттуу колдонуучу (аты өзгөрүлдү): "Менин дарыгерим уколдон кийинки этек киринин токтоп келүүсү нормалдуу көрүнүш деп айткан. Ал эми тукумсуздукка алып келет дегенге кошулбайм. Европа менен АКШдагы аялдардын жарымынан көбү укол алышат, эч нерсе болбой эле төрөп жатышпайбы".

Зари Абылова аттуу колдонуучу: "Уколду 35 жаштан өткөндөн кийин алса болот. Мен 24 жашымда 2014-жылы январь айында алгам. Ушул эле жылдын август айында боюмда болуп калган. Ар кимдин организми ар түрдүү, андыктан ар кандай таасир этиши мүмкүн. Бирок мен укол албай эле койгула деп кеңеш бермекмин", - деп билдирсе, Сагын Белекова: "Уколдор зыянсыз. Бирок эгерде бир саатка болсо да кайра укол алууну унутуп калсаңыз, боюңузга бүтүп калуусу толук мүмкүн", - деп жазган.

"Мындай уколдорго тыюу салынган деп айтылып жатат, себеби келечекте тукумсуздукка алып келет экен. Менин курбум укол алган эле, мына 10 жылдан бери балалуу боло албай келет" деген билдирүүлөр да калтырылган.

Ал эми бул маселе тууралуу гинекологдун кеңеши:

Бойго бүтүрбөөчү укол тукумсуздукка алып келет же этек киринин циклин бузат деген болбогон сөз, тынчсызданууга эч кандай себеп жок экенин айтат гинеколог Гүланда Тойчубекова.

"Бойго бүтүрбөөчү укол 25 жашка толгон, төрөгөн, тамеки чекпеген аялдарга сунушталат. Төрөй элек, тамеки чеккен, 25 жашка толбогон кыз-келиндерге терс таасирлерден улам сунушталбайт. Бир укол алуу 3 айга чейин таасир этет. Андан кийин эгер кайра укол албаса, боюна бүтүп калуусу толук мүмкүн. Андыктан 2 жылга чейин сактанууну каалагандар ар бир 3 айда укол алып туруусу керек. Алсак, 25-январда алса, кайра марттын 25инде алышы керек деп баса белгилей кетейин, 5 күн айырма болушу мүмкүн, бирок андан көп эмес. Ал эми этек кирдин токтоп келиши нормалдуу эле көрүнүш, кыска убакыттын ичинде кайра калыбына келет.

Ошондой эле бардык Мамлекеттик үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда бойго бүтүрбөөчү каражаттар бекер берилет. Тилекке каршы, көптөгөн дарыгерлер дарыларды сатышат. Ар бир Кыргыз өлкөсүнүн жараны милдеттүү медициналык камсыздандыруу баракчасы менен гинекологдон атайын бойго бүтүрбөөчө каражаттарды бекер алууга, талап кылууга акысы бар", - деп билдирди
Г.Тойчубекова.

Бойго бүтүрбөөчү инъекциялык (укол түрүндөгү) каражаттар:

Мунун 1 айда, 2, 3, 4 айда бир сайылуучу түрлөрү бар. Түрүнө жараша карууга же жамбашка сайылат. Курамында энелик безден жумуртка клеткаларынын бөлүнүп чыгышынын алдын алуучу гормондор бар.

  • 1 жыл ичинде колдонгон 100 аялдын биринде гана кокустан боюнда болуусу мүмкүн.

Норплант

Бул тери алдына (адатта каруунун) жайгаштырып коюучу, 5 жылга чейин бойго бүтүрбөй таасир берүүчү каражат.

  • Балдарынын жаш аралыктары алыс болуусун каалаган аялдар үчүн эң ыңгайлуу.
  • Норпланттын капсулаларынан күн сайын керектүү гормон бөлүнүп чыгып, бойго болтурбайт.

Жогоруда аталган 3 каражат түрүн боор, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, ашказан, калкан сымал без, уйку бездин оор ооруларында колдонууга болбойт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Leylektik-77777
2016-09-19 21:27:53
Норплан гарантия канча %экен.
0
Nurkyz1977
2016-09-19 22:52:46
Бул укол адамды семиртет экен абайлагыла мен да мурун мындан 17жыл мурун алып коргом учунчу уколду алганда он кг семирип ооруп кыйналгам айтор толуп кетуу коркунучу бар.
+1
fly2010
2016-09-19 23:49:03
Nurkyz1977, мен бойго бутурбоочу
Уколду 3жыл мурун алдым эле.
Азыркы кунго чейин зыяны тийип жатат.
Такыр эле албаш керек экен. Киста
Эрозия гормональный нарушение баары ушул уколдон башталат экен. Таблеткалары дагы зыян экен. Рак оорусун алып келиши толук ыктымалы бар экен. Уколду таблеткарын да сунуштабайм.
+3
Nasyrkg
2016-09-20 07:52:50
Эркетер алса семиреби я.
+1
Deniza88
2016-09-20 10:10:49
Мен боюма болтура албай журсо ......
-1
dasilek
2016-09-20 16:48:46
Уколдор канча турат болду экен?
0
Jyrgal_msk
2016-09-22 04:26:21
Эмнеге укол аласынар?Торой бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан