Ушул жылдын 7 ай аралыгында чет өлкөдө иштеген 450 Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү Кыргыз жерине алынып келинди. Бул тууралуу 19-сентябрда Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Миграциялык кызматтын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев билдирди.
Анын маалыматына ылайык, акыркы жылдарда алынып келинген сөөктөрдүн саны жыл сайын 350дөй болуп турган. Бул маалыматты уккан комитет мүчөлөрү мигранттардын коопсуздугун коргоо боюнча аракеттер жетишсиз экенин айтышты.
Депутат Максат Сабиров 2 жыл мурун чет өлкөдө каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын сөөгүн мекенине акысыз алып келүү боюнча айрым авиакомпанияларга Жогорку Кеңеш тарабынан милдеттенме жүктөлүп, бирок ишке ашпай жатканын белгиледи. Алмаз Асанбаев: "Авиакомпаниялар бул бизнес деп "Жүк-200дү" акысыз алып келүүдөн баш тартышкан", - деп билдирди.