Өлкө боюнча планга кирген 167 чакырым жолго асфальт төшөө октябрь айында аяктайт

Өлкө боюнча планга кирген 167 чакырым жолго асфальт төшөө иштери октябрь айында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө 2016-жылга планга киргизилген асфальт төшөө иштеринин 142 чакырымы жыйынтыкталды. Мындан сырткары учурда 8 көпүрө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Көпүрөлөрдүн каржылануусу дагы республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолдорду асфальттоо, жамоо, көпүрөлөрдү куруу иштери үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында толугу менен жыйынтыкталмакчы. Ал эми жолдорду жамоо, кесип асфальт төшөө пландалган 167 чакырымга кирбей, өзүнчө каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_S
2016-09-19 15:19:29
Казармага асфальт төшөлүп жатканын көрдүм август айында. Шагылга смоланы аралаштырып басып жатат. Ал 1 айда кайра чачылып түшөт. Планга киргенден кийин , аны кандай жасалып ишке берилгенин текшерүүчүлөр көзүн ачпайт окшойт. Же жасагандар чөнтөгүн тыйбайт окшойт.
+2
keba300989
2016-09-19 16:05:54
биринчи жолу оңдоп коюп анан болуп жаткан жол кырсыктарын, праваларды текшериш керек жол уңкур-чуңкур болуп турса авария көп болотда
0
zevs
2016-09-19 18:12:39
Oo bizdin chondor akchaga maaryp ele kalyptirda
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан