Баткен районунун Көк-Таш айылында тажик жарандары тарабынан алынган темир-бетон тумба калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түнү болгон. Анда белгисиз тажик жарандары Көк-Таш айылындагы шарттуу тилкеге орнотулган темир-бетон тумбаны алып салышкан.
“Ошол эле түнү окуя болгон жерге эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик жана чек ара өкүлдөрү келишкен. Алар аталган тилке тактала электигин айтышып, аны мурдагыдай эле эки тараптуу келишимдердин негизинде кайтаруу чечимине келишкен. Ошондой эле белгисиз тажик жарандары тарабынан алынган темир-бетон тумба калыбына келтирилген. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу”, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.