"Оштогу Бабур атындагы Мамлекеттик драма театрда "Premier" аталышындагы жай көңүл ача турган жайга айланганын байкоого болот", - деп билдирди SUPER.KG`ге журналист Улан Мамашеров.
"Оштогу Бабур атындагы Мамлекеттик драма театрдагы "Premier" аталышындагы жайда атайын буюртма бергендер келип фотокызматтарын пайдаланып, музыкаларын жаңырта коюп, бийлеп жатышканына өзүм күбө болдум. Мындай көрүнүшкө эл да, журналисттер да көз жумуп коюшкандыктан, Facebook`тагы баракчам аркылуу билдирүүгө туура келди. Оштогу Султан Ибраимов атындагы драма театрдан кийинки эле ири маданий жай болуп эсептелинет. Бул жайда мамлекеттин жүзүн көрсөткөн маданий иш-чаралар өтүшү керек да. Эгерде ресторан, кафе болсо бир жөн эле. Мындан улам "Бизнес жүргүзүүгө министрлик, жетекчилик уруксат бердиби? Деги кимдин тиешеси бар?" деген суроо жаралды", - дейт журналист Улан Мамашеров.
Ал эми аталган театрдын жетекчиси Набиджан Маматжанов бул маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
"Бош жерлерди ижарага берип, театрдын керектөөсүнө короткула деген өкмөттүн атайын токтомунун негизинде ал жайды ижарага бергенбиз. Театрдын үстүнкү бөлүгү ижарага берилген болчу. Ал жайды жеңил оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүп, азыр сүрөт салонун иштетип жатышат. Ооба, жаш түгөйлөр кирип келе жатканда музыка коюлат. Мындай кызматтар элдин кызматы үчүн деп биз да колдоого алган элек. Айына ижара акысы 7 миң сом".