Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станциянын кызматкерлери иштей башташты

Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станциянын кызматкерлери иштей башташты. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда аталган станциянын башчысы Ажыбек Үрүстемов билдирди.

"Өзбек чек арачылары Үңкүр-Тоодон чыгып кеткенден бери бүгүн эртең мененки саат 08:00дө ыкчам нөөмөткө 2 кызматкерди тургузган элек. Алар азыр саат 16:00дө алмашат. Бул үчүн атайын 3 адамдан турган станциянын кызматкерлери кезекке турушат. Эч кандай кооптонуу жок", - деп билдирди Үрүстемов.

Маалыматка ылайык, радиорелейлик станциянын кызматкерлери 45 күн бою нөөмөт менен иштеп, алмашып турушат.

Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, станциянын 4 кызматкерин кармап кетишкен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ulanbek027
2016-09-19 16:19:15
Кузотчулорду да койгула ошончо болгондон кийин, бир кун дагы келет [moderated].Ошон учун охрана караш керек алдын ала.
+3
kuba502
2016-09-19 20:05:52
Бир взвод чек арачыларды коюу керек.Өткөндөн сабак алчы кыргызым
+1
nur_zhoni
2016-09-20 09:29:42
Кыргызстандын чек арсын буздунар деп атып салсын келишсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан