Ак-Талаа районунда мектептерге жана социалдык мекеме-ишканаларга көмүр ташуу 24 пайызга гана аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG порталына Ак-Талаа районунун акиминин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов билдирди.
"Мектептерге жана социалдык мекеме-ишканаларга көмүр ташып жеткирип, кышка карата даярдыкты көрүп жатабыз. Ак-Талаа районунда 5 жылдан бери иштеген "Кенч строй" көмүр казуу компаниясы менен кызматташып келгенбиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги аталган компаниянын лицензиясын тартып алып, эми көмүр ташууда аксап жатабыз", - дейт Сулайманов.
Маалыматка ылайык, учурда район эли 240 чакырым жолду басып, Кара-Кечедеги көмүр кенинен көмүр ташууда. Бүгүнкү күндө Ак-Талаа районунда көмүрдүн 1 тоннасы 2500-2800 сомго бааланууда.
"Мектептерге жана социалдык мекеме-ишканаларга көмүр ташуу 15-октябрда жыйынтыкталат. Азыркы учурда 5 айыл өкмөтүнө көмүр ташылып бүттү", - деп кошумчалады Сулайманов.
Ак-Талаа районунда 13 айыл өкмөт, 18 айыл бар.