Республикалык казынадан жана "Жер-Үй" алтын кенинин эсебинен мамлекеттик ири курулуштарга жана жолдорго ири суммалар жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Республикалык бюджеттин эсебинен Ысык-Көл облусунун Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоого 1 миллиард 584 миллион сом жумшалды. Ал эми Бишкек-"Манас" Эл аралык аэропорту унаа жолун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 753 миллион 499 миң сом каржыланды. Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Тамчы, Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоого 1 миллиард 300 миллион сом каржыланган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, "Ата-Бейит" мемориалдык-тарыхый комплексинин аймагында 1916-жылдагы Үркүн окуясында курман болгондордун мемориалынын курулушуна 135 миллион 734 миң сом бөлүнүп берилген. Мындан сырткары 2016-жылга республикалык бюджеттен жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга 500 миллион сом каралган. Бөлүнгөн каражаттын 45,9 миллион сому 2016-жылдын 1-июлуна карата каржыланган.