1927-жылы 20-сентябрда саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Фрунзедеги Гидромелиоративдик техникумду, Ташкенттеги Ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтун бүтүргөн.
Чүй сугат тармагы башкармалыгында гидротехник, Кыргыз ССР ИАсынын Суу чарбасы жана энергетика институтунун кенже илимий кызматкери, Кыргызстан КП БКнын илим, жогорку окуу жайлар жана мектептер бөлүмүнүн инструктору, Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы, Кыргыз ССРинин Мелиорация жана суу чарба министри, Кыргызстан КП БК катчысы, Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. СССР Жогорку, Кыргыз ССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
1980-жылы каргашалуу окуянын кесепетинен 53 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
20-сентябрдын жылнаамасы.