Кечээ, 19-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын тургундары малдын канын соргон чупакабраны атып өлтүрүшкөнүн билдиришүүдө. Бул кабарды жөнөткөн окурман айылда дагы "чупакабра" делген жандыктарды жергиликтүү жашоочулар көрүшкөнүн айтты.
Айта кетсек, буга чейин да чупакабра чуусу көтөрүлүп келген. 2014-жылы Кочкордо түшүнүксүз жагдайда мал өлүп, белгисиз "кан соргуч" пайда болгону эл ичине желдей тараган болчу. Кабарга удаа интернетке атылып өлтүрүлгөн түрү суук бир жандыктын сүрөтү тарап, «Кочкордо атылып өлтүрүлгөн жандык ушул» деген сөздөр чыккан. Сүрөттү көргөндө «Кокуй, бул чөө эмес, чупакабра турбайбы!» деген комментарийлер күчөп отуруп, эл дүрбөлөңгө түшкөн. Мындан улам Кочкор районунда аталган жандыкты жок кылуу максатында 160ка чукул жолбун ит атылып, бирок чупакабра табылган эмес эле.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.