Бишкекте электр энергиясына болгон төлөмдү төлөбөгөн 8900 абоненттин электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өчүрүлгөн абоненттер өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөрүн төлөгөндө дистанциондук түрдө электр камсыздоосу кошулат. 2016-жылдын 1-сентябрга карата Бишкек шаарында турмуш-тиричилик жана өндүрүш абоненттерине 114 396 электр эсептегич орнотулган.