Бишкектин тротуарларында да майыптар үчүн пандустар коюлган эмес

Бишкектин тротуарларында майыптар үчүн пандустар коюлган эмес. Шаардык мэрия майыптар үчүн камкордук көрүүнү унутта калтыргандай. "Ала-Тоо" аянтына бараткан тротуарларда, тепкичтерден чыгуучу жана түшүүчү жерлеринде атайын шарттар түзүлбөгөнүн көрдүк. Ал тургай мындай пандустар Маданият министрлигинин имаратында да жок. Министрлик эгемендүүлүк алгандан бери 25 жыл өтсө да, бир да жолу пандус куруу боюнча аракет көргөн эмес. Мындан сырткары шаардын так ортосунан орун алган маданий жайдын очогу - Кыргыз драма театрына кирүү үчүн да бул шарттар каралган эмес.

Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип арабада жүргөн жарандарыбыз кыргыз өкмөтүнүн имаратына да кире алышпайт, анткени бул имаратта да алар үчүн атайын шарттар түзүлгөн эмес. Ал тургай эс алуу бактарында да мүмкүнчүлүк жок.

Шаар тургуну Мырзабек Токтосунов: "Майыптардын укугу башка жарандардын укугу менен бирдей. Бийлик өкүлдөрү, куруучулар, айтор, тиешеси бар адамдар майыптардын укугун коргоп, шаарда жүрүүгө шарт түзүп бериши керек. Аларда арман-кайгы көп. Алар, мүмкүн, жетекчилерге кирип арманын айткысы келишет... Пандус жок же чыгууга ыңгайсыз болуп курулган. Мындай учурда алар жетекчилерге кире алышпайт", - деди.

Эске салсак, өлкө боюнча 172 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Алардын ичинен 28 миңи жаш балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан