SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Порносайттарга кирүүгө тыюу салуу керекпи?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Учурда социалдык тармактарда мектеп окуучусунун автобуста эротикалык видео көрүп баратканы кызуу талкууга алынууда. Видео өткөн жумада тартылып, интернетке жүктөлгөн. Ал эми казакстандык басылмалар бул видео Алматы шаарында тартылганын айтышса, Кыргыз жериндеги жергиликтүү басылмалар Бишкек шаарында болгонун айтып чыгышты. Интернет колдонуучулары "Балдарыбызды көзөмөлдөшүбүз керек. Секелек кыздын көргөнүн көрүп уялып, коркуп кеттим", "Бул кичинекей эле кыз экен, эмне көрүп жатканын өзү деле түшүнбөй турат. Кокустан ошондой сайтка кирип калган да", "Апасы азыртадан карап, тарбия бербесе, мындай кыздан кандай эне чыгары белгисиз", "Жаш балдарга жөнөкөй эле телефон алып берүү керек" деген билдирүүлөрдү калтырышууда. Ушуга көз карашыңар кандай, порносайттарга кирүүгө тыюу салыш керекпи?"
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Ооба, ошондой видеолорго тыюу салса жакшы болмок. Логин менен кирип көрө турган кылыш керек. Негизи, толугу менен жаап салуу туура болот, анткени бул сайттардын эч кандай пайдасы жок".
"Логин менен катталып ал видеолорду көрө беришсин. Катталганда жашын карайт да, мисалы, 18 жаштан жогоркулар логин менен кирсе боло тургандай кылып. Катталып жатканда паспортту сканерден өткөргөндөй, ошонун негизинде гана ачыла турган кылып коюш керек".
"Окуучуларга видео көрсөткөн телефон көтөргөнгө тыюу салыш керек, ошондо жакшы болот деп ойлойм".
"Айланайындар, 18 жаштан жогоркуларга уруксат бериш керек деп жатасыңар, анда 18 жаштан жогоркулар телефондорун ар дайым жанына салып жүрүш керек болуп калабы? Кокус 18 жашка чейинкилер телефон таап алышсачы?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.