"Көчмөндөр оюндарындагы көрсөтүүлөрдү койгон режиссёрго 150 миллион сом берилген" дейт Садык Шер-Нияз

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер учурдагы жана мурунку депутаттар: Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Галина Скрипкина, Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова.

Жыйында комитет төрагасы Садык Шер-Нияз мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүдө режиссёрду тандап алуу үчүн тендер жарыялоо зарыл экенин айтты. "II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көрсөтүүлөрдү койгон режиссёрго 150 миллион сом (2,2 миллион АКШ доллары) берилген. Бул абдан чоң сумма, андыктан тендер өткөрүү керек болчу", - деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Isken.der
2016-09-20 17:22:17
Ал каяктык режиссёр?
0
Abdyrawit
2016-09-20 17:28:39
150 млн. сом...менин түшүмө дагы кирбей турган акча бертиптирго..режисер болот окшойбуз.себеби 3 жылдан бери иштеп 150 миң сомго жеткире албай жатам
+5
moldobaev.zamir
2016-09-20 17:51:42
Abdyrawit,Айтпаа
0
Namystan
2016-09-20 18:02:24
Abdyrawit,иш-чараны откорууго берилди, эмне зарплатага деп берди дейсинби
-3
salihalady
2016-09-20 18:41:02
Ким экен ал режиссёр?
+4
anyshka
2016-09-20 22:25:54
salihalady, мурдакы министр Алтынбек Максутов
-1
adilet_3234
2016-09-20 18:54:26
буткон ишке сынчы коп болбойлучу мейли жесин бирок ишти кылды го....
+3
rukopashnik
2016-09-20 20:01:16
жакшы кылды, бирок Кыргызстан 150 миллион сом бере турган даражага жетелекпиз,кичине ойлонуп анан иш тутса болмок...
+6
anyshka
2016-09-20 22:24:05
rukopashnik, 150 млн сомду не режиссер озу алмак беле. Ал жака каанча боз уй, ырчылар, тамак аш коноктордун жатаканасы, формалары, жуктоп алпарганга май майда чуйдосу толтура. Чет олколук ырчылар. Азыр бир адам той откоруп тамада жалдаса эн арзаны 50 минг го.
+3
Namystan
2016-09-20 23:17:58
rukopashnik, тутса? кылса десен жарашмак го дейм
+1
HAPPY.GIRL
2016-09-21 01:02:55
Туштон кийин айтпай башында ойлонушса болмок!!!
+1
Aitunuk
2016-09-21 06:58:21
Режиссёрго гонорар иретиндеби же режиссурагабы? Так айтса болмок экен. Режиссёрлук үчүн чоң, режиссура үчүн аз акча.
+2
admin_portal
2016-09-21 10:03:54
taalai9411, сунуш жана суроолоруңузду admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүңуз!
0
Aikyn93
2016-09-21 10:46:47
ошончо бергенден кийин жакшы тартса болмок начар тартылган повторлору жок алыстан тартылган жакшы тартыш керек болчу
0
aydinnur
2016-09-21 12:11:17
Садык Шер байкенин да жообун соц.тармактан алып коюп койбойсунарбы,ал киши журналисттерди күнөөлөп атат го,туура эмес маалымат таратып атышат деген мааниде...калыстык болмок..
0
take19
2016-09-21 20:42:46
Туура эмес айтып атса керек. Оюн зоок, иш чараларды откорууго кеткен акча болушу мумкун. Бизде режиссерго андай акча берилиши мумкун эмес.
0
E.TARZAN
2016-09-23 09:36:14
Режиссура үчүн болсо керек, эгерде гонорар болгон болсо анда отто эле коп акча да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан