Үңкүр-Тоодо 5-кылымдарда Эдил хан аскерлери менен Фергана өрөөнүн көзөмөлдөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Аксы районунун тургуну, тарыхчы Сапар Наркеев билдирди.
"Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияны Бозбу тоосундагы Ителги аймагына которуунун канчалык зарылчылыгы бар? Ителги аймагы деңиз деңгээлинен 1300 метр бийиктикте турат. Ал эми Үңкүр-Тоо 1749 метр бийиктикте жайгашып, бүтүндөй Фергана өрөөнүн толук көзөмөлдөөгө мүмкүн. Бул стратегиялык мааниси бар жер. Бул жер ата-бабабыз канын, жанын берип мурас кылып кеткен жер", - деп билдирди Наркеев.
Эскерте кетсек, Кербен шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылдын июнь айында Бозбу тоосундагы Ителги аймагына кошумча станция куруп, берүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жер бөлүп берүүнү сессияда карап, токтом кабыл алышкан. Чечимдин негизинде 30 сотых жер бөлүнгөн. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиргендей, учурда жолдорду куруу, жайларын даярдоо иштери жүрүүдө.
Тарыхчы Сапар Наркеев Үңкүр-Тоо боюнча буларды айтып берди: "Уңгар" деген сөз "он кары эл" деген түшүнүктү берет. Илгери Аксы чөлкөмүндөгү кыргыздар согушка кирерде алдынкы катарда атайын даярдалган 10 түмөн аскери болгон. Алар Үңкүр-Тоону аскердик аймак катары пайдаланышкан".
Ал: "Жалпы кыргыз эли Унгар-Тоону Үңкүр-Тоо деп атап алышы уят иш. Бул тоонун тарыхый аталышын бурмалап Үңкүр-Тоо десек, тарыхты бурмалаган болобуз", - деп кошумчалады.
Тарыхчынын маалыматына ылайык, биздин замандын 5-кылымдарында Эдил хан деген жашап өткөн. Ал аскерлери менен Үңкүр-Тоодо жайгашып, бүтүндөй Фергана өрөөнүн көзөмөлдөп турган.