Декларация: Бишкек мэри Албек Ибраимовдун 29 жер тилкеси бар

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун 29 жер тилкеси бар. Бул маалымат анын 2015-жылга карата берген декларациясында белгиленген. Бул декларация Мамлекеттик кадр кызматынын расмий интернет-сайтында жайгаштырылды. Кой-Таш айылында президент Алмазбек Атамбаев үй куруп жаткан жер тилкесине байланыштуу чуу чыкканда мэрдин декларациясы күтүүсүз жоголуп кеткени айтылган эле. Эми кайрадан жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Ибраимов 2015-жылы айыл чарба продукцияларын сатуудан 3 миллион сом киреше тапкан, ал эми негизги жумушунан жалпысынан 765 533 сом айлык алган. Ошондой эле ал былтыр 33 миллион сомго жер тилкесин саткан. Мындан тышкары декларациясында Ибраимов жеке унаасы жана турак жайы жок экенин жазды. Талапка ылайык, 2015-жылы тапкан кирешелерин юридикалык жактар 2016-жылдын 1-мартына чейин, жеке жактар 1-апрелине чейин декларациялашкан.

Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, Албек Ибраимов 2015-жылы тапкан кирешелери боюнча декларациясын өз убагында тапшырган. "Албек Ибраимов 2016-жылдын февраль айында Бишкек мэри болуп шайланган. Мындан улам ал, мыйзамга ылайык, 30 күн ичинде декларацияны тапшырышы керек болчу. Ал өз убагында тапшырган. Учурда расмий сайтыбызга декларацияларды киргизүүнү улантып жатабыз", - дешти мекемеден.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 2015-жылы Албек Ибраимовдун жубайы Кой-Таштагы 2,7 гектар жер тилкесин президент Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго сатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
diaz
2016-09-21 12:19:35
жарылып олбогуло
-1
kubat_73
2016-09-21 12:37:02
diaz,Кой антпе мындайлардын баары жарылып олсо президент премьер депутат губернатор мэрлерсиз калабыз куурап
-3
futboler
2016-09-21 13:16:08
kubat_73,мынча жер менен урпактарына чейин мэр болчудай го
+5
Krai
2016-09-21 19:21:14
futboler,Бул да болсо Атамбаевдин кадры
+1
Sharos3
2016-09-21 16:59:44
Айнеске
+1
Izdeim_seni.
2016-09-21 13:52:49
Олуп кетишеби ушу чондор. Эл тоокана салганга жери жок
+6
Kroxa
2016-09-21 14:37:12
Турак жайы жана жеке унаасы жок тура байкушка минип жургон унаасы менен уйу мамлекеттики болсо керек,,аны да менчикке чыгарып бергиле бул куурагыр мэрге кайрымдуулук кылып койгула!!:-):-):-)
+4
Abdurahman
2016-09-21 14:48:15
"Мындан тышкары декларациясында Ибраимов жеке унаасы жана турак жайы жок экенин жазды." -Ушул жери окшошпой калыптыр
+3
Sharos3
2016-09-21 17:01:38
Abdurahman, ооба окшобой калыптыр.
Кичине уялып койбойбу десен
+2
yasmina_kg
2016-09-21 15:39:04
9 калтырып 20 уйу жок жетим жесирге берсе кандай сооп табат эле.Бизде сооп коп бирок жасбайбыз Индияга барган дабатчылар индия элин кечке иштеп озу ачка болсо да ошо кунку тапканына тамакалып келишип соопчулука жеп коюнузчу деп жалдырап суранышат дейт деп тан калып келишкен.Алар соопчулукту биринчи орунг коюшат.Канча сооп кылсан ошончо кунон кечирлет.
+2
Kroxa
2016-09-24 00:17:54
29 жер тилкесинин кичинеси 1жарым гектар чону 7 гектар болсо текебаев айтаандай бишкектин бир болугун ээлеп алган го бул мэр,качан жетишип журот,элде бироо да жок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан