ЭЛДИК КАБАР. Окурман: "Масыдагы мектептин жанында жол белгилери жок болгондуктан, окуучуларды унаалар сүзүп кетиши мүмкүн"

Ноокен районунун борбору Масы айылындагы №2-орто мектебинин жанындагы жолду төмөнкү класстын окуучулары кесип өтө албай кыйналып жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, жолдогу "зебранын" өңү өчүп көрүнбөй калган, мектептин жанында жол белгилери жок. "Унаалар катуу ылдамдыкта өтүшөт жана окуучуларды өткөрүү үчүн токтобойт. Эгер кырсык болсо, мугалимдер күнөөлүү болушат. Жергиликтүү бийликтен мектептердин жанына жол белгилерин жана жасалма дөңчөлөрдү ("лежачий полицейский") коюуну суранар элек", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdurahman
2016-09-21 09:05:29
Ата энелер балдарынын аманчылыгына кам коруп кырсыктын алдын алып эртерээк чогулуш откоруп тийиштуу жерлерге кагаз жузундо официалдуу кайрылыш керек. Антпесе кырсык каш кабактын ортосунда дейт, кийинкиси кеч болуп калат.
+1
etaj_rus79
2016-09-21 15:16:25
союз учурунда светофор турат эле бул жерде.азыркы учурда зебрагада краска жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан