Жыл сайын 5-октябрда Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленип келет. Быйыл иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүгө даярдыктар көрүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрда уюштуруу комитетинин жыйыны орун алды. Ага тиешелүү башкармалыктардын башчылары жана вице-мэр Замирбек Аскаров катышты. Анда масштабдуу иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү боюнча сөз болду.
Вице-мэр З.Аскаров улуттук оюндарды өткөрүүдө ат майданды колдонууну жана сейил бактарында, эс алуу жайларында спорттук мелдештерди уюштурууну тапшырды. Майрамдык салтанат Ош шаарынын борбордук аянтында башталат. Анда театрлаштырылган шоу, чыгармачыл топтордун өнөрлөрүн, флешмобдорду көрүүгө болот. Мындан тышкары А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт орун алат.