Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жогорку кызматтагы адамдардын коррупциялык иштери жана аракеттери боюнча маалыматтарды жөнөтүүгө электрондук почта ачты. Анын дареги: specialno_dlya_vas@bk.ru
Айта кетсек, акыркы маалымат жыйынында Ө.Текебаев аталган почта тууралуу кабарлаган. "Урматтуу мекендештер, силер үчүн атайын почта ачып жатам. Эмнени билсеңер, баарын жазгыла. Ишти аягына чейин чыгарам. Кой-Ташта Атамбаевдин хан сарайы тууралуу маалыматты мага берген адамды издеп жатышыптыр. Бирок ал үй космостон көрүнүп турат, жанынан өткөн адамдар бул үйдү көрүп жатышат. Эмнеге бир жаш жигит Атамбаевдин хан сарайы боюнча айтпашы керек эле? Эми ал баланы ур-токмокко алганы жатышат. Мындан ары мага жашыруун түрдө коррупция боюнча маалыматтарды жөнөтсөңөр болот", - деген Текебаев.