Өкмөт башчы: "Жоопкерчилик айдоочунун өзүндө болуш керек. Кырсыктарга өкмөттү күнөөлөбөгүлө"

Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жол кырсыктарынын 74 пайызы айдоочулардын шалаакылыгынан, калган бөлүгү жөө адамдардын айынан жана унаа техникаларын туура эмес пайдалануудан улам болуп жатканын айтты. Анын билдиришинче, ири жол кырсыктары Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт унаа жолдорунда болот.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жол кырсыктарына айдоочулар өздөрү күнөөлүү экенин белгиледи. "Күнөөнү мамлекетке койгонго болбойт, жоопкерчилик, биринчиден, айдоочулардын өздөрүндө болушу керек. Өздөрүн жана жанындагы жүргүнчүлөрдү ойлоп, абайлап айдашы керек да", - деди.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров кырсыктарга унаа жолдорундагы жол белгилери, жөө адамдар өтүүчү бөлүктөрдүн өчүп калуусу түрткү болуп жатканын белгилесе, депутат Дастан Жумабеков жолдордун жыртык-тешиктери кырсыкка себепчи болуп жатканын мисал кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
KDM.Asylbek
2016-09-21 17:15:15
Өкмөт башчыбыз туура эле айтыптыр.
Бирок Төрөбай Зулпукаровтунда айтканы туура.
+4
Palan4a
2016-09-21 17:52:46
Окмот башчысы айтканы бир аз туура.
Бирок, ЖОЛ БЕЛГИЧИ дегенди даана, корунуктуу койсо?! Дпстер бекинип чыга калгандай, жол белгилерида анча корунуктуу эмес…
+4
Beki092
2016-09-21 18:15:46
Жолдун бети сиздин бетиниздей кара болгондо жол кырсыктары азаят беле
+3
Aytur
2016-09-21 18:19:51
Ош Бишкек жолу мында турсун шаардын ортосунда чон кочолордо белгилер корунбойт бак тосуп калган.
Ош бишкек жолунда болсо ири бурулуштарда жол белгисин 100 метр бери эле коюп койсо биринчи жолу чыккандар коруп акырындап бурулмак, жол белги бурулуштун тубундо биринчи бараткан айдоочу катуу баратып токтой албай встречный чыгып калышат.
+2
Shef87
2016-09-21 18:35:13
кырсыктын биринчи себеби ылдамдык ылдамдыкты ашырган айдоочудан пара алып коёберип атса окмот кандай куноолуу эмес
+2
Zanzibara
2016-09-21 18:41:18
Элин ойлогон өкмөт элге шылтап былтыйып олтура бербейт. Бирин өлүп бирин кал деп таштап коюп дагы элге шылтап, байкуш элге эле кыйын. Казактар тетири рулду 2006 алып киргенге тыю салып 2008айдоого тыю салган мына элдин аманчылыгын ойлогон өкмөт. Тетири рул эч качан биздин жолго туура келбейт, он машина авария болсо сөзсүз төртөө оң рул. Ош - Бишкек жолунда күндө оң рул машина авария бирден адам сөзсүз каза болот же беш алтоо кетип жатат. Жармач өкмөт элди ойлогуча дагы миңдеген эл жок болот.
+1
BarsBaatyr
2016-09-22 01:11:33
Биздин айдоочуларга жол белгилер кызыктырбайт го.Мандайына талпайтып корсотуп койсо деле озунун нарагында болбосо баары бир эмеспи.
+1
Arslan12
2016-09-22 01:35:35
Шалаакылыкты жоюш учун праваны сатпаш керек, Ош-Бишкек жолунда чогулган акча ото эле аз го, аз болсо да кайда жумшалып атты экен?!
+1
sabyr86
2016-09-22 03:10:44
Arslan12,аз да 3500 алышып 350 сом жазып берип коюшса.
0
Rifle_S
2016-09-22 08:40:42
Өкмөттүн күнөөсү : жол куруп жатканда чечкесинен кемирип, калыңдыгынан сыйрып деп коюп жатат. Натыйжада сапатсыз жол, оюлган чукурлар, эки катар машина араң батып жатат .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан