Австралияда уй тик учакты кырсыкка учуратты

Австралиянын Квинсленд штатында тик учак уйдун мүйүзүнө урунуп, күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эки адамга ылайыкташкан Robinson R22 үлгүсүндөгү тик учак талаада жайылып жүргөн уйлардын үстүнөн учуп баратып бир уйдун мүйүзүнө тийип, башкаруусун жоготкон. Натыйжада кулап түшкөн учак толугу менен күйүп кеткен. Ал эми учкуч өз убагында тик учактан чыгып кетүүгө үлгүрүп, аман калган. Уй дагы эч кандай зыян тарткан эмес. Аталган Robinson R22 үлгүсүндөгү тик учактарды австралиялык фермерлер бодо жана майда малды кайтарууга, аларга бийиктен көз жүгүртүп туруу максатында колдонушат.

Эске салсак, мындай окуя үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Канадада катталган. Мында тик учак электр мамысын сүзүп кулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bekhaliev
2016-09-21 18:54:57
(Мамысын)эмне дегени???
0
barsa30
2016-09-21 19:04:37
bekhaliev,столба электрический.
+4
_adil_
2016-09-21 19:00:20
Самолёт менен малкайтарса мынасага жетишкен мамлекеттер. Бизде самолёт эмес атын болсо суйуносун. Эшектиго тируулой тээрисин сыйрып жечусун жеп жебечусун аннга таштап калбайделе калды.
+24
bekhaliev
2016-09-21 19:33:09
_adil_,тура айтасын
+2
Mile
2016-09-22 00:15:28
_adil_,тик учак вертолет болсо керек.
-1
Shef87
2016-09-21 21:26:23
мамыны билбеген кыргыздар да бар экен да
0
Sharos3
2016-09-21 22:59:08
Shef87,
Анын эмнеси бар экен укпаса
кайдан билмек эле. Кыздар кайдан билсин
0
modem4999
2016-09-21 23:26:02
Sharos3,кыз экенин кайдан билдин?
0
Sharos3
2016-09-22 10:01:53
modem4999,
Кыздардан сурап кор билет бекен
0
Dadasdasd
2016-09-21 22:13:51
Уйда тажап кеткен окшойт кечке эле башында тарылдап учуп журсо. Ме сага деп бир суздуда.
+6
ICHOMTAY
2016-09-21 22:22:49
Чиркеиге окшоп ары бер уча берсе чаптыда шапалак менен
+2
Kroxa
2016-09-22 00:10:19
Уй да киши да жабыркабаса учак куйуп кетсе,кудай таала алчусун алыптыр да зыян кылбай:-):-):-)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан