1-октябрдан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулга 105 сом кошулат

1-октябрдан тарта аз камсыз болгондорго төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган кызматтан берилген маалыматка ылайык, жогорулатылган сумма өлкө боюнча 88 миң үй-бүлөгө төлөнүп берилет. Алардын ичинен 272 миң балага жөлөк пул төлөө каралган. Эске салсак, буга чейин жөлөк пул ар бир балага ай сайын 705 сомдон төлөнүп берилсе, 1-октябрдан тарта 105 сом кошулуп, 810 сомго жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Seyitira8186
2016-09-21 17:54:10
Ото сонун.
+2
Sirduusezim
2016-09-21 17:57:12
Seyitira8186, сонундугу сонун бирок майыптардыкын которот бекен
0
Beko87
2016-09-21 17:55:11
Мынча коп кошуп салган 105 сом?эми байып кеттет экенда.мышык ыйлачуу мамлекетпиз.чондордун балдары эртен мененки тамагы эле 810болсо керек!
+1
edik-kg
2016-09-21 18:08:38
тим эле 1500сом кошкондой жанылык кыласынар
+1
Aytur
2016-09-21 18:23:27
Ой ушул жолок пул алууну дагы саясатташтырып документ алып барсан машинан бар тиги бул деп кабыл албай коюшат
+2
Bayjigit83
2016-09-21 19:15:44
Жадагалса ата же апасы орусияда иштесе да акча чыкпай калат.
Турмодогу кылымышкерлерге кунуно 160 сомго чейин акча болунот экен тамак ашына.
Мындайча айтканда биздин келечегибиз болгон жаштарга караганда,кылымышкерлерге кобуроок акча сарпталат.
+2
nelli
2016-09-22 00:38:08
Укмуш акча кошулуптур.....эми бул акча менен байып кетсек, ото байкуш депуттарыбызга жардам беребизби...
0
Marat-m
2016-09-22 07:20:18
Ой кысталактар кыйратып эле кошупсунар
мен башка жакта жашаймын бир балама
сомго эсептей турган болсок 3000мин
сомдон ашуун жолок акча алам
800 деген эмнеге жетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан