Мындан 156 жыл мурун немис философу Артур Шопенгауэр каза болгон. Ал Данциг шаарында 1788-жылы 22-февралда туулган. Анын үй-бүлөсү 1793-жылы Гамбургга көчүп келип, Артурду атасынын жолун жолдоп коммерсант болууга даярдашкан. Алгач ал коммерциялык иштерди аткарып, бирок атасы өлгөндөн кийин бул иштен баш тартып, интеллектуалдык ишмердикке өткөн. Геттинген университетинде медицинаны окуп, кийин аны философия кызыктыра баштаган. 1813-жылы ал өзүнүн "Жетиштүү негиз мыйзамынын төрт түрдүү тамыры жөнүндө" деген докторлук диссертациясын жазып бүтөт. Анын "Дүйнө эрк жана түшүнүк катарында" деген башкы эмгеги 1818-жылы жарыяланган.
21-сентябрдын жылнаамасы.