2015-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан өткөн чет элдик жарандардын саны 8 миллион 164 645ти түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
"Ал эми кайрылмандардын саны 37 454кө жеткен. Алардын арасынан Өзбекстандан 19 791, Тажикстандан 7424, Кытайдан 71, Орусиядан 36, башка өлкөлөрдөн 29 адам кайтып келген. Ал эми 1483 адамга кайрылман күбөлүгү берилген. Кыргыз өлкөсүнө кирип-чыгуулар боюнча биринчи орунда Казакстандын жарандары, андан соң Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Германия, АКШ, Түштүк Кореянын жарандары турат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 15 299 чет элдик жаранга виза берилген. 54 218 чет элдик жарандын визасы узартылса, убактылуу жашаган 112 720 чет элдик жаран катталган.