Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун 2015-жылкы кирешеси тууралуу тапшырган декларациясы жарыяланды. Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жаңы гана жайгаштырылган декларациядагы маалыматтарга көз жүгүртсөк, шаар башчысынын 29 жер тилкеси бар. 2015-жылы айыл чарба продукцияларын сатуудан 3 миллион сом киреше тапканы, 33 миллион сомго жер тилкесин сатканы көрсөтүлөт. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова Кой-Таштагы 2,7 гектар жер тилкесин президент Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго сатканын жакында маалымат жыйынында билдирген. Мындан кийин журналисттер мэрдин былтыркы кирешеси тууралуу декларациясын издеген учурда Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан табылбай калган же "күтүүсүз жоголуп" кеткен. Ал эми декларацияларды жалпыга жарыялоого жооптуу Мамлекеттик кадр кызматы мэрдин декларациясы коомчулукка такыр эле жарыяланбаганын билдирүүдө.
Талапка ылайык, 2015-жылы тапкан кирешелерин жооптуу саясий кызматта иштегендер 2016-жылдын 1-апрелине чейин декларациялашкан. Ибраимов декларациясын өз убагында тапшырганын Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришкени менен, анын декларациясы мекеменин сайтына бүгүнкү күнгө чейин жайгаштырылбаптыр. Президенттин, премьер-министрдин, төраганын, депутаттардын жана министрлердин баарынын декларациясы сайтка июль айында эле жайгаштырылып, негедир Албек Ибраимовдуку көздөн оолак калган. Көпчүлүккө ушул жагдай дагы шектүү. "Шаар мэри көпчүлүккө көрсөтпөгөн сырлары жарыя болуп кеткен соң декларациясын жаңылап жазып чыктыбы?" деген суроо жаралат. Кой-Таштагы жер тилкесине байланышкан чуу ырбап, Текебаев менен журналисттер артынан сайгылаганда гана Ибраимовдун декларациясы бар болуп чыга келди. Мамлекеттик кадр кызматы декларацияларды сайтка жайгаштыруу этап-этабы менен жүрөрүн, мэрдикин сайтка илүүгө кезек эми жеткенин айтып кутулду. Баарына жетишип, 3 айдан бери Ибраимовдукун, ага кошуп жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилериникин элге жарыялоого үлгүрбөй келишкени күмөн жаратат.
Балким, көтөрүлгөн чуудан кийин декларацияны шашылыш даярдоого же "оңдоп-түзөөгө" туура келген чыгар. Жер тилкесине байланыштуу документтерди Ибраимовдор арткы дата менен жасатып чыгышы мүмкүн экенин Өмүрбек Текебаев 19-сентябрдагы маалымат жыйынында айткан. Мамлекеттик кадр кызматы Ибраимов аялынын Кой-Таштагы жер тилкесин 33 миллион сомго сатканын декларациясын тапшырганда эле көрсөткөнүн билдирүүдө. Канткен күндө да мэрдин жылдык кирешесинин "жоголуп-табылышы" бир кездеги Бакиевдердин жерин алып-сатуу ишинин мыйзамдуулугунан шекшип тургандарды ого бетер күчөттү. Ал эми шаар башчысынын жубайы, Кой-Таштагы жер тилкесинин мурунку кожоюну Айнура Ибраимова жерди сатууда мамлекетке 650 миң сом салык төлөгөнүн Текебаев "жерди мыйзамсыз сатышкан" деп кайра-кайра кыйкырып чыккандан кийин гана айтып чыкты. Бирок мамлекетке 650 миң сомду төккөндүгү тууралуу дүмүрчөк кагазын "көрдүм" деген жан болгон жок.
Президент Алмазбек Атамбаев ооруп жатканына карабай Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн долбоору менен таанышып чыгып, аны жактырды. Ошондой эле Жогорку Кеңешти мыйзамды референдумга чыгарууну колдоого чакырды. Бул тууралуу 21-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Алмазбек Атамбаев "6 жыл бою элибиз Конституцияга оңдоо киргизүү зарылдыгын талкуулап келди, дээрлик эки ай коомчулук аталган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын жыйынтыгында көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилди" дейт. Президент кайсы коомдук талкууларды айтып жатканы түшүнүксүз. Көз карандысыз эксперттер, 2010-жылы убадалангандай Баш мыйзамды 2020-жылга чейин кол тийгизбөө керек деген саясатчылар Конституцияны өзгөртүү эмнеге алып келеринен элдин көбү кабардар эмес экенин айтып жатышат. "Элдин пикири менен эсептешпей мыйзамды өзгөртүү - чоң жаңылыштык" деген ойдогу блоггер Даниел Кадырбеков: "Күчтүү мамлекетти демократиянын жардамысыз түзүүгө болот" деген риториканы ээрчип, биздин президент жана анын администрациясы ишенимдүү түрдө тузакка бара жатат", - деп жазды жакында. Андыктан президенттин "талкуулар укмуш болду" деген пикирин бөлүшчүлөр көп болору күмөн.
Ошентип, президент "мураскер операциясы” болбой турганын жана Конституцияны өзгөртүү оюнан кайтпасын тастыктады. Саламаттыгы начар делип Түркияда жаткан Атамбаев бийлик үчүн зарыл болуп жаткан иштерди минтип сырттан туруп бүтүрүүдө. Текебаев баштаган оппоненттеринин эскертүүлөрүн укпай турган болду. Ал эми Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 4-декабрда өтө тургандыгын жакында "ResPublica" басылмасы жазып чыккан. Аталган басылмага референдум өткөрүү демилгеси угузулган күндөн тарта 43 күндүн хронологиясы жазылган документ келип түшкөн. Документте белгилүү болгондой, 16-сентябрда мыйзам долбоорун Конституциялык палатага жөнөтүп, 17-октябрда жооп келип калышы керек экендиги пландалган. Конституциялык палата мыйзам долбоорун карап бүтчү бир айдын ичинде парламенттегилер 3 окуу өткөрүп жетишери жазылган. 27-октябрда долбоорду өлкө башчысы карап чыгып, кол коюусу жана 4-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өтөрү белгиленген.