21-сентябрда кечинде Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө жөө жүрүүчүнү унаа сүздү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, саат 21:20 чамасында катуу ылдамдык менен келе жаткан Форд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 50-55 жаш курактагы эркек кишини сүздү. "Жабыр тарткан адам жөө жүрүүчүлөргө уруксат берилбеген жерден өтүп бараткан. Кырсыктан улам ал киши эс-учун жоготкон. "Тез жардам" кызматы жарым сааттан кийин келди, ага чейин жабырлануучу ошол жерде жатты. Ооруканага кеткенден кийин ал кишинин аман калганы белгисиз", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.