SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Экинчи аял алам деген эркектерге сабак болсун" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Belle).
Видеодо биринчи аялы турганына карабай аны унутуп, көӊүлдөш күтүп, анын көзүн карап бапестеп калган эркек көрсөтүлөт. Күйөөсүнүн мындай кылыгы аялдын жүрөгүнө оор тийгенине карабай чыдап жүрө берет. Жадакалса бир күнү аялды үйдөн чыгарып коюшат. Бир күнү эркектин көӊүлдөшү үйдөгү акчаны, кымбат баалуу буюмдарды алып, башка жигит менен качып кетет. Бул окуядан соӊ видеонун каарманы жүрөк оорусу кармап, катуу ооруп үйдө жалгыз калат... Албетте, кандай кыйын кырдаал болбосун, канча көӊүл ооруткан сөздөр айтылбасын, биринчи аялы келип, күйөөсүн кайра бутуна тургузат. Социалдык тармактарда видеого карата "биринчи аялга эч ким жетпейт, экинчи аял алам деген эркектерге сабак болсун" деген билдирүүлөр айтылууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.