Үңкүр-Тоо боюнча митингге Өмүрбек Текебаев чакырылды, президент чакырылган жок

Аксы районунда Үңкүр-Тоо боюнча өткөрүлүүчү митингге президент атайын кат аркылуу чакырылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда митингди уюштуруучулардын бири Жанарбек Надырбеков билдирди.

"Учурда президент чет өлкөдө дарыланып жатат деген маалыматтан улам атайын кат аркылуу митингге катышууга чакырган жокпуз. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаевди маалымат каражаттары аркылуу чакырып жатабыз. Эгерде бийлик 27-сентябрга чейин Үңкүр-Тоого кыргыз чек арачыларын коюп коргоого алса, анда митинг өткөрүүнү токтотобуз", - деди Надырбеков.

Аксы райондук ИИБинин башчысы Момуналы Добулбековго байланышканыбызда ал: "27-сентябрда митинг өтөрү белгисиз болууда. Бул митинг өтсө тынчтык, сүйлөшүү жолу менен өтөт. Бул үчүн укук коргоо органдарынан анчалык чоң күч талап кылынбайт, бирок көзөмөлгө алынат", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда уюштуруучулар Аксы районунун Кербен шаарында, мамлекеттик администрациянын имаратынын алдында Үңкүр-Тоо боюнча митинг өтөрүн жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Arslan12
2016-09-22 10:34:55
Анда президентибиз келгинче куто турбайсынарбы, анын орду башка да, эртен дагы мен жок элем дегизбей!
-14
Tom15
2016-09-23 02:31:04
Arslan12,
Ал атайын эле кетип калды окшойт
-2
Elmar
2016-09-22 10:47:21
150жолу чакырсада келбейт президент Аксыга ......
+13
nur123456
2016-09-22 14:38:43
Elmar,кыргызстангада келбей эле койсун
+2
aseras
2016-09-22 11:36:43
Ушунчадан бери не чечип койбоду атайын кат жонотуш керекби?Кыргызстандын башчысы болуп аткандан кийин эчак эле чечип коюш керек эле.Жок дегенде Текебаевтен толк чыксын эми.Суйлоп суйлоп келе бербей.Суйлогондорун аткарышсын Кудай жалгап!
+10
Abdurahman
2016-09-22 12:07:06
АША чакырса да келбейт, келсе да чечпейт. Чечсе ак уйдон эле буга чейин чечип коймок.
+10
Kaary
2016-09-22 12:42:39
АША барса Ө. Т менен мушташып кетиши мүмкүн! Отдельно бир жерге ринг куруп, шлем, перчатки даярдап алып чакыргыла... :)
+8
FSB
2016-09-22 13:34:21
Tekebaev emi " eldi oilogon" sayasatchy da:)
+2
Elusha88
2016-09-22 13:57:29
Эми Текебаев озунчо элди ойлогон адам болуп, кокурогун каккылап барып калат экенда.Кийин айтат президент тигинтип жургондо, мен барганмын эл, жерди ойлоп деп.
+6
Tom15
2016-09-23 02:32:59
Elusha88,
Текебаев мыкты президент болмок
Кыргызстанды ондойт президент болсо
-1
mister
2016-09-22 14:32:06
Президент чек ара маселесине окшогон койгойлорду кулак сыртынан кетирип эч жооп айтпайт, ал эми озуно карата сын пикир айтылса 2 сааттын ичинде жооп кайтарат ушакчылардай...
+1
nur123456
2016-09-22 14:43:37
mister,ашага кереги жок окшойт чек ара болот экенго журогу ооруган адам конститутцияны чечип жатат оорусада алыстан туруп оз пайдасына чек араны ушундай коргоп ушундай чек ара учун куйуп бироо менен урушуп чек араны ооруп жаткан жеринен чечкенде кыргыз эли кош колдоп которуп журмок ашаны азыр болсо кучко салып президент болуп журот эч кимге жакпайт алкаш келбей эле койсун
+1
MAN-CITY
2016-09-22 14:40:07
Министр оборонаны чакырышсын Гкнбнын чонун чакырышсын, Текебаев кайсы жерге барбасын озун авторитетин ойлойт, Аксыны суу каптап кетседа ага баарыбир.
0
barakcha
2016-09-22 15:41:12
MAN-CITY,Азыр эл учун куйуп жаткан бир эле Омурбек Чиркешович болуп турат.Моюнга алыш керек.Калп эле бакыра бербей.
+1
KGstan1981
2016-09-22 15:54:27
Аксылык туугандар Аксыда Туркияны Измир шаарындагыдай беш жылдыздуу мейманка болбосо,Туркиядагыдай камфорт болбосо зять татарского народа барат беле.))))
-1
MUSLIM-81
2016-09-22 21:34:07
Алмаз акени кат жонотуп чакырткыдай ал бейтарап окулбу?Керек болсо бул маселени ошол чечиш керекле буга чейин.Уйдо баатыр жолдо жок.
+1
kubanaid
2016-09-22 22:07:43
Текебаев жаман Ашаны чукуп калды шайлоого даярданып элге жакшы корунуунун аракетинде. Ашага баарибир эптеп мыйзамды озгортуп анан бир жыл чыдап койсо.
+2
Arslan12
2016-09-23 00:33:58
Унгар-Тоону кимиси чечсе ошону колдошубуз керек, кийинки чек араны да ошол адам чечет деген ойдомун!
-1
aiba_00
2016-09-23 10:17:20
Текебае акылдуу киши кыйын саясатчы болгону менен, мородер экени чындык бирок мойнуна алгысы келбейт, тынч уктай албай калды окшойт акыркы кундору Атамбаевке асылып атып. 31 августан кийин такыр эле очошту го,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан