Башка тилден кирген терминдерди которуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү

Башка тилден кирген терминдерди которуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу билдирди.

"Мамлекеттик тил комиссиясы жыл ичинде Бишкек шаарында мэрия менен биргеликте 8 жолу атайын рейд уюштурду. Мында жарнама такталарында жазылган сөздөр, иш-кагаздарынын кемчиликтери табылып, айрымдарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бир канча жолу атайын тегерек стол, окутуулар өткөрүлүп, тилди байытуу жана өнүктүрүүгө багытталган аракеттер көрүлдү", - деди Медербек Аким уулу.

Маалыматка ылайык, аталган комиссиянын алдында түзүлгөн терминдерди которуу жумушчу тобу тармактар боюнча иштейт. Жумушчу топ 2015-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик жана расмий тилди билген жаӊы муунду өстүрүү программасынын алкагында иш жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан