Эртең, 23-сентябрда Бишкекте Мамлекеттик тил майрамына карата салтанаттуу жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.
"Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Анда ушул күнгө чейин кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар адамдар төш белги, Ардак грамоталар менен сыйланышат", - деп билдирди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медер Аким уулу.
Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз адабий тилине "мамлекеттик тил" деген макам берген атайын мыйзам кабыл алынган.