"Ырларымды ырдап жүргөндөр менден уруксат алып коюшса жакшы болмок" дейт ырчы Гүлнара Тойгонбаева

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте "Пиратка жол жок-2016" акциясы өткөрүлөт. Акциянын уюштуруучуларынын бири, ырчы Гүлнара Тойгонбаева коомдо болуп жаткан пираттык көрүнүштөр, авторлордун укугу тууралуу маалымат жыйында буларга токтолду: "Пиратка жол жок" концерт акциялары жыл сайын өтүп келет. Бул нерсени бир жылда бир маал эмес, ар убак өткөрүп туруш керек деп ойлойм. Авторлордун эмгегин, талантын бааласаңыздар, лицензиясы бар дисктерди сатып алгыла дегенди ар бир адамга жеткирсек. Менин ырларымды аранжировкалап, тойлордо ырдап жүргөн жаштар бар экен, бирок менден келип уруксат сурашкан эмес. Жок дегенде келип уруксат сурап же айтып коюшса жакшы болмок. Учурдагы пираттык уурдоолор кадимки көрүнүш. Биздин өлкөнүн экономикасы жогорулап, коом өзгөрсө, бул нерсе акырындап жоголот деп ойлойм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
nurali1989
2016-09-22 14:18:57
Кайсы ыры бар. Кайсы ырлар Гулнара эженики.
+12
Sharos3
2016-09-22 14:29:16
nurali1989,
Жакшы деле ырлары жок.
Тойго эч ким чакырбаса керек
Звезда сезип алгандар
+7
Tom15
2016-09-23 02:03:49
Sharos3,
До+фа тасмасында жакшы роль ойногон
бирок ырлары начар, голос неприятный
Тойго чакырсан бекер эле ырдаса керек
+1
Sharos3
2016-09-22 16:32:50
Мисалга алсак Гулжигиттин Сатибекову,
Бек, Сыймык, Нурлан Насип ушул сыяктуу
популярный ырчылар акция уюштуруп пиратка
Жол жок дешсе жарашмак. Анан ушундай звезда
Сезгендерге кулкун келет. Оздору бир аз
ойлонуп коюшса деймда. Озу эле барып менин
диским барбы алат элем десе таппаса керек.
Ой боорум ))))
+4
Tom15
2016-09-23 02:06:48
Sharos3,
Туура буга эмне жок десен акция кылып,
Озун бираз болсода пияр кылайын
дептирда эжебиз
+1
Tom15
2016-09-23 15:58:36
nurali1989, ырлары бар next деген
кнопканы басып откоруп ийчу
+1
Elusha88
2016-09-22 14:24:24
Кулуп кой деген ырын кичине кезимде коп укчумун.Тура эле айтат,бир ооз айтып, жанылап ырдап чыгайын десе жок дебесе керек.
-1
Elmar
2016-09-22 14:39:56
Она оо онаа деген ыры барго Сенин ырыны ким талашып атат деги))))
+11
Elmar
2016-09-22 14:40:23
Укчудай деле ырын жокко....
+5
fly2010
2016-09-22 14:50:50
Elmar,убагында эн кучтуу ырчылардын толуктайт эле. Азыр анча чыгармачылыкта аралашпай калды окшойт. Мага жагат мыкты ырчы.
-9
ainur78007
2016-09-22 15:02:24
Elmar,айабай эле сенсирепсинго.Ар бир ырчынын озунун угармандары болот,куйормандары болот.
-10
Кайрат
2016-09-22 15:00:05
Кайсы бир кулака жагымдуу укулуктуу ыры бар экен? Атың чыкпаса жер өрттө дегендей менин ырларымды ырдап жүрүшөт деп өзүнө аброй жыйнагысы келгениби?
+7
hihikayu
2016-09-22 15:22:20
Мен бул ырчынын ырын бироо ырдаган эмес,озу ырдаганын деле уга элекмин.Кулуп кой дегенинен башка!
+7
Beko87
2016-09-22 15:49:00
Бирде Бактяр Токторув теледен майек берип жаттып айткан эле.менин ырларым элдик ырлар ким ырдаса ырдай берсин деп.бул апчем суйунсо болмок менин ырларымды ырдайт экен деп))))
+5
Tom15
2016-09-23 02:00:35
Beko87,
Айтканын 100% туура. Бирок каталарынды
Коруп минус баскым келди, бирок сага плюс!
+1
sabyr86
2016-09-22 16:44:40
Мен уга элекмин Тойгонбаеванын ырын башка бирөө ырдаганын.
+2
kani-esen
2016-09-22 17:38:30
Мен кыргызмын деген жакшы ыры бар
0
Gulnur1980
2016-09-23 09:55:59
Бул ким озу,ушундай ырчы бар экенин билбептирмин,кечиресиз (
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан