Ички иштер министрлиги: Кадыржан Батыров эл аралык издөөгө алынган эмес

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун 20-сентябрдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүнө саясий баа берүү маселесин талкуулады. Бул боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Кадыржан Батыров эл аралык издөөдө эмес экенин айтты. Анын билдиришинче, Батыровду издөө боюнча Интерполго өтүнүч жиберилип, бирок Интерпол издөө саясий мүнөздө деп, өтүнүчтөн баш тарткан.

Батыров "саясий куугунтукка алынган" деген негизде 5 жылдан бери Швецияда жашап жатканы айтылды. Прокуратуранын өкүлү Швецияга Батыровду өткөрүп берүү боюнча кат жиберилип, бирок өлкө аны өткөрүп берүүдөн баш тартканын айтты. Батыров ЕККУнун жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, улут аралык маселе боюнча сөз сүйлөгөн.

Эскерте кетсек, Кадыржан Батыровго "2010-жылдагы Ош окуясын уюштурууга катыштыгы бар" деген айып тагылып, сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Beksultan-007
2016-09-22 15:10:44
Ал ХХХ сураштырбай эле жок кылып жибериш керек эле.неге дагыле жашап журот. Биздин ордубузда чечен же башка улут болгондо давно бутурмок ишти. Намыс жок чондордо
+8
admin_portal
2016-09-22 15:42:37
Beksultan-007, этика нормаларын сактаңыз!
-2
plaza85
2016-09-22 15:28:08
Биздин мамлекеттин алсыздыгы интерполго баардык кылмыштарын так корсотуп дадилдесе алар откоруп беришет.
+2
KGstan1981
2016-09-22 15:30:39
Интерполго кайрылып эмне кыласыздар андан коро Озбекстанга окшоп тайный агент жонотуп жок кылгыла.
+6
nemo2016
2016-09-22 15:41:44
Бул ХХХ озубуз кармап жазалабасак жеп жутарлардын колунан эч нерсе келбейт
+2
admin_portal
2016-09-22 16:42:36
nemo2016, этика нормаларын сактаңыз!
-2
bom.bon
2016-09-22 17:36:37
nemo2016,эгер кармашса чондордун копчулугун арты ачылатда!Болбосого давно кармашмак!Озубузго келгенде кучтуу жок кылат мисалы Алманбет
+2
ayushka
2016-09-22 15:56:30
Beksultan-007 эн туура айттыныз
0
kubat_73
2016-09-22 19:18:25
Озубуздун ажо кожолорубуз колдоп аттап тондоп узатып атышса ким кармамак эле аны.Ал озу биздин АША кашалар менен табакташ экен го
+2
Bekzamann
2016-09-22 20:11:25
Тайный агент жиберип дегенге кошулам...
+2
etaj_rus79
2016-09-23 01:02:17
Батыровду кармап кыргызстанга алып келишсе азыркы бийликтегилердин баарынын абиийри айрандай тогулуп кылымыштары ачылышынан коркушат
+1
BarsBaatyr
2016-09-23 22:11:50
Эл аралык издөөдө деп эле какшап жатпадыңар беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан