Ош облусунан ажылыкка кеткен зыяратчылар тобу кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ажылык сапарга кеткендерди өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов, облустун казысы Самидин Атабаев жана зыяратчылардын жакын туугандары тосуп алышты.
"Мусулманчылык парзды аткаруу үчүн Арабияга ажылык сапарга кеткендердин алгачкы тобу кайтып келди. Алардын баарынын ден соолугу жакшы, аман-соо кайтып келишти. Эми кийинки топ Жидда-Ош жана Медина-Ош аба каттамдары аркылуу 1-октябрга чейин кайтып келмекчи", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 адам кеткен.