Дүйнөдөгү эң кооз тоолордун катарында Перу тоолору бар. Бул өлкөнүн тоолорунда түзүлгөн кооздук башка өлкөлөрдөн кезикпейт. Сары, жашыл, көк, кызыл, кара түскө боёлгон тоолор көпчүлүк туристтердин көңүлүн бурат. Көпчүлүк туристтер Перунун тоолорун көрүп, кооздугуна суктанып, сүрөткө түшүүгө ашыгышат. Жыл сайын Перу өлкөсүнүн түстүү тоолору миңдеген туристтерди өзүнө тартат.
Аталган өлкөнүн калкы 2015-жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча 31 миллион 586 106 адамды түзгөн. Калкынын орточо жаш курагы 69 жаштан 73 жашка чейин. Ал эми жашоочулардын 71 пайызы шаар жеринде жашашат. Жергиликтүү эл испан тилинде сүйлөйт.
Тынч океанды жээктеп жайгашкан Перу Республикасы 5 өлкө менен: Боливия менен 1075 чакырым, Бразилия менен 2995, Чили өлкөсү менен 171, Колумбия менен 1800 чакырым, ошондой эле Эквадор менен 1420 чакырым чектешет. Өлкөнүн бардык аймагы Тынч океандын жээгинде жайгашкандыктан сейсмологиялык коркунучта турат.